Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:20

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин дагы үч партия билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин билдирген саясий партиялардын саны 17-февралга карата онго жетти. Бишкек шаардык Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдиргендей, шаардык кеңештеги мандаттар үчүн ат салышарын “Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы”, “Патриот” жана “Социал-демократтар” партиялары да билдиришти.

Ага чейин “Улуу журт”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Эмгек”, “Ата Мекен”, “Легалайз”, "Ыйман нуру" жана "Жашылдар партиясы" шайлоо комиссиясына маалымдама беришкен.

Шаардык кеңеш 45 мандаттан турат. Шайлоого саясий партиялар катышып, утуп чыккандары төрт жылдык мөөнөт иштейт.

Азыркы чакырылыш 2016-жылдын 11-декабрында шайланып келген. Анда шайлоого 14 партия катышкан.

2012-жылкы шайлоодо 45 орунга 23 партия ат салышкан.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. (RK)

XS
SM
MD
LG