Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Аялдар маршы үчүн жазаланган кызга карата сот чечими жокко чыгарылды


Бишкектеги Жеңиш аянты. 2020-жылдын 8-марты
Бишкектеги Жеңиш аянты. 2020-жылдын 8-марты

Бир жыл мурда Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршын» уюштурууга аракет кылганы үчүн жазага тартылган 6 кыз-келиндин бирине карата жарыяланган сот токтому жокко чыгарылды. Бишкектин шаардык соту бүгүн, 15-февралда Свердлов райондук соттун ал кызды айып төлөтүү тууралуу чечимин негизсиз деп тапканын "Азаттыкка" марштын уюштуруучулары кабарлашты.

2020-жылдын 8-мартында Бишкектин Жеңиш аянтында кыз-келиндердин укуктарын коргоо, зомбулукка кабылган кыздардын маселесин көтөрүү максатында уюштурулган митинг башталбай жатып аяктаган. Кийин милицияга жалпысынан 11 адам жеткирилген.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Свердлов райондук милициясында аларга карата протокол түзүлгөнүн, кармалгандар айып пул төлөөгө милдеттендирилгенин кабарлаган. «Феминалле» жана «8/365» коомдук уюмдарынын 8-марттагы митинги уруксатсыз уюштурулганын белгилеген.

Райондук милиция маршка чыккан алты кыз-келинге үч миң сомдон айып төлөтүү тууралуу токтом чыгарган. Алты активист бул токтом мыйзамсыз экенин айтып, Свердлов райондук сотуна кайрылган. Сот ишти жабык карап, алардын өздөрүн күнөөлүү деп тапкан.

«Аялдардын шериктештик маршы» деген ураан менен акция өткөрүү пландалып жаткан учурда ал жерге беткап, калпак кийген белгисиз адамдар барып, акцияны үзгүлтүккө учуратышкан. Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташкан. (RK)

XS
SM
MD
LG