Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

"Женго" каймана аттуу Кадыр Досонов 8-апрелге чейин камакка алынды


Кадыр Досонов Оштон Бишкекке алынып келинди.
Кадыр Досонов Оштон Бишкекке алынып келинди.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 11-февралдагы токтомуна ылайык, кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү деген Кадыр Досонов 8-апрелге чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө изоляторунда камакта болот. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

11-февралда УКМК уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча атайын операциясынын жыйынтыгында "Женго" каймана аты бар, өлкөнүн түштүк аймагын "көзөмөлдөгөн кримтөбөл" деген Кадыр Досонов кармалганын маалымдаган. Ал Ош шаарынан кармалып, Бишкекке алып келинди жана атайын кызматтын убактылуу камак жайына киргизилди.

Буга чейин Досоновдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева ал УКМКнын Оштогу башкармалыгына өзү барганын "Фейсбук" баракчасына жазган.

УКМК 2020-жылдын 30-ноябрында Досоновго издөө жарыяланганын кабарлаган. Ал ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деген негизде 2015-жылдын 6-февралында кармалган. Досонов өзү мындай айыптоолорду четке каккан жана 2017-жылы Жогорку соттон толук акталып чыккан. (BCh)

XS
SM
MD
LG