Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Жапаров: Зыяратчылардын муфтияттагы акчасы "чачырап кеткен"


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров муфтиятта чыккан жаңжалга ажылык сапарга барчулардан чогулган акча “чачырап кеткени” жана кайра кайтарылбаганы себеп деп эсептейт.

Бүгүн, 11-февралда ал Коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы маегинде мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевдин жана Аалымдар кеңешинин катышуусу менен жолугушуу өткөргөнүн, анда дин башкармалыгында каржылык мыйзам бузуу бар экени айтылганын, натыйжада өзү жиберген эсепчинин жардамы менен текшерүү жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алынганын билдирди.

Жапаровдун айтымында, кеп ажыга барчулардан былтыр чогулган акча тууралуу болууда жана текшерүүнүн жыйынтыгында акча жетишпей жатканы аныкталган:

“16 миллиондон 8 миллионго жакын долларын алып, сомго айлантып, киреше алуу максатында банктарга процентке салышкан экен былтыр. Пайда көргөнчө доллар 15 сомго өсүп кетиптир. Пайда көрмөк түгүл булар чыгым тартып калышыптыр. Чыгымы эле 685 миң доллардын тегерегинде. Андан сырткары 155 миллион сомун былтыр август айында “бир фирмага бердик” деп, ал фирма шайлоого бир партияга колдонуп салат. Бүгүнкү күндө да акча толук кайтарылбай турат. Ажылыкка бара тургандар акчасын сураса жарым жартылайы бериле элек экен”.

Жапаров: Муфтият зыяратка делген акчаны иштетип келген
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:25 0:00

11-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, муфтийликтен өз каалоосу боюнча баш тарткан Максатбек Токтомушевдин арызын карап, канааттандырды.

Токтомушев 10-февралда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына шектүү катары киргизилген.

Ага чейин УКМК муфтияттын башкы эсепчисин кармап, камакка алган.

Атайын кызмат муфтиятта каржылык мыйзам бузуу болгонун айтууда.

Өткөн жумада Токтомушев "Азаттыкка" курган маегинде ажылыктын акчасы боюнча айтылып жаткан айыптоолор жалаа экенин билдирген.

11-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана Өкмөт үйүнүн алдында адамдар чогулуп, Максатбек Токтомушевдин ишин калыс иликтөө жана аны камактан бошотуу керек деген пикирин билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG