Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:37

Кабулда полиция башчысы өлтүрүлдү


Кабулдагы жардырууда каза болгондорду көтөрүп баратышат. 10-февраль, 2021-жыл.
Кабулдагы жардырууда каза болгондорду көтөрүп баратышат. 10-февраль, 2021-жыл.

Кабулда райондук полиция башчысы Мохаммадзай Зай Кочи жана анын үч жансакчысы өлтүрүлдү. Окуя 10-февралдын таңында болгон. Бул тууралуу Ооганстан бийлигинин өкүлдөрү билдирди.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким алган жок. Бирок биринчи вице-президент Амрулла Салех полициячынын өлүмүн талибдерден көрдү.

Ушул эле күнү башкалаада болгон дагы бир жардырууда төрт жайкын тургун каза болду. Эки кол салууда тең бомба автоунаага коюлуп, аралыктан жардырылган.

Жардыруулар негизинен таңында болуп, аткаминерлерге, саясатчыларга, журналисттерге жана активисттерге багытталууда. Ооганстандын бийлиги жана АКШ кандуу окуялардын артында талибдер турат деп эсептешет. Бирок «Талибан» кыймылы дооматтарды четке кагып келет.

«Ислам мамлекети» террордук тобунун жергиликтүү тобу айрым чабуулдар үчүн жоопкерчиликти өз моюнуна алган.

Ооганстанда дээрлик 20 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу максатында Кабул менен талибдер ортосунда Катарда жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG