Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:56

Зулушев: Райкүл Жапарованын ишинен башка иштер да кайра кароого жиберилүүдө


Райкүл Жапарова. Сүрөт "Фейсбуктан" алынды.
Райкүл Жапарова. Сүрөт "Фейсбуктан" алынды.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүндөгү маегинде президент Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси, Райкүл Жапарованын соттук ишине байланыштуу комментарий берип, бул артка кайтарылган көп иштердин бири экенине токтолду.

«Бир эле Райкүл Жапарованын иши эмес, жылуулук, ЖЭБ жана башка иштер боюнча соттолгондордун иштери бузулуп, биринчи инстанцияларга жөнөтүлүп жатат. Тергөө туура эмес жүргөн, туура эмес соттолгон, арасында саясий буюртма менен ура-ура болуп кетип калгандары көп экен. Мен бүгүнкү сотторго баа берет элем, ошолордун укугун коргоп, кайрадан кароого жиберип жатышат. Мындай ондогон иштер бар, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда саясий буйрутма менен соттолгон башка кишилердин иши да ушундай артка кайтарылып жатат. Ошонун арасында Райкүл Жапарованын ишин бөлүп алып көрсөтүп жатышат, себеби ал өлкө башчысынын эжеси. Аны мен кылмыш кылды же кылбады деп айта албайм, бирок ал да саясий куугунтукта, иниси камакта жүргөндө эмне азапты көргөнүн билесиздер да. Балким ошондо туура эмес тергелгендир, саясий буюртма болгондур, ошону Жогорку сот бузуп, кайра тергөө жиберди. Аны жоопкерчиликтен эч ким куткарган жок. Тергөө кадимкидей жүрөт», - деди ал.

Кыргызстандын Жогорку соту президент Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарованы күнөөлүү деп тапкан чечимди 25-январда жокко чыгарып, кайра тергөөгө жиберген. Сот бул жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кабыл алганын маалымдаган. Учурда ишти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тергеп жатат.

Райкүл Жапарова 2007-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл инвест банкты» тартып алган деп айыпталып, сыртынан 10 жылга соттолгон. Былтыр февралда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Райкүл Жапаровага эл аралык издөө жарыяланганын билдирген.

Кийинчерээк Ички иштер министрлиги ал Польшадан кармалганын, Интерпол Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин карап жатканын кабарлаган. Жапарованын кайра бошотулганы тууралуу маалыматтар айтылган.

Башкы прокуратура билдиргендей, Райкүл Жапарованын бөгөт чарасы өзгөртүлгөн. Ал чет жактан Кыргызстанга кайтып келип, өз укугун эркин жаран катары коргой алат.

Президент Садыр Жапаров былтыр ноябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып эжесине кылмыш ишинин козголушун «саясий буюртма» деп сыпаттаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG