Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:21

Байден: “экс-президент Трамп чалгын кызматынын маалыматын албоого тийиш”


АКШ президенти Жо Байден.
АКШ президенти Жо Байден.


АКШнын президенти Жо Байден 5-февралда сыналгыга берген маегинде мурдагы президент Доналд Трампка жашыруун чалгын маалыматын алууга жол бербей тургандыгын белгилеп, Трамптын "туруксуз жүрүм-турумуна" жүйөө катары шилтеме берди.

Байден Трамптын жашыруун маалыматты кандайча пайдаланышы мүмкүн экендигин божомолдоодон баш тартты, бирок тарыхта кызматтан кетип жаткан президенттерге ыйгарылып келген сыпайылык түрү болгон чалгындык кыска маалыматтарды Трамптын алышынын “кажети жок” деди.

Байден “Си-Би-Эс” (CBS) сыналгы каналына курган маегинде: “Ага чалгындоо кызматынын кыскача маалымат берүүсү кандай мааниге ээ? Тайгаланып кетип, бир нерсени балп этип айтып алышынан башка анын кандайча таасири болмок эле”.


Ак Үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки ушул аптанын башында Трампка чалгындоо боюнча кыскача маалымат берүү маселеси кайра каралып жаткандыгын айткан.

Мурдагы президент чалгындоо боюнча кыска маалыматтарды алып турабы же жокпу? деген маселени чечүү – азыркы президенттин ыйгарым укуктарына таандык иш.

Капитолийдеги Трамптын тарапташтары менен полициянын кагылышы маалы. Вашингтон шаары. 2021-жылдын 6-январы.
Капитолийдеги Трамптын тарапташтары менен полициянын кагылышы маалы. Вашингтон шаары. 2021-жылдын 6-январы.

Мурдагы президент Трамп келээрки аптада АКШ Сенатында өз өмүрүндөгү экинчи импичмент боюнча сотто жооп берет. Ага өз тарапкерлерине 6-январда Ак Үйдөн маңдайында сүйлөгөн сөзүндө козголоң уюштурууга шыкактаган, андан соң алар Капитолийге кол салып, тополоң уюштурган деген доо коюлууда.

Байден Трамптын чалгын маалыматтарын албашы керектиги тууралуу өз туруму Капитолийдеги 6-январдагы баш-аламандыктарга эч байланыштуу эмес экендигин белгиледи. Ал чалгын маалыматтарын Трамп мырза "козголоң менен байланышпаган өзүнүн баш-аламан жүрүм-туруму үчүн" албашы керектигин баса айтты. (TT)

XS
SM
MD
LG