Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Блинкен Вашинтон Киевди колдой берерин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жаңы администрация Киевди экономикалык жана аскердик жактан колдой берерин билдирди. Украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө мамкатчы Украинанын эгемендиги, аймактык бүтүндүгү жана НАТОго умтулушуна байланышкан маселелер америкалык жетекчилик үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи. «Америка добушу» кабарлагандай, Блинкен Киевди коррупция менен күрөш, мыйзам үстөмдүгү, экономикалык реформалар жаатында алга жылууга чакырды. Тараптар ошондой эле коронавирус пандемиясына байланышкан маселелерди талкуулашты.

Орусия 2014-жылы Крым жарым аралын аннексиялап алып, Донбасста куралдуу тирешүү башталгандан кийин Киев Вашингтондун колдоосуна таянып келатат. Өткөн августта АКШ Конгресси украин армиясына 250 миллион доллар жардам бөлүүнү жактырган. Москва Украинанын чыгышындагы жикчилерге аскердик жактан көмөктөшкөнүн жана орус аскерлеринин ал жаңжалга катышканын танып келатат.

XS
SM
MD
LG