Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:14

АКШ Иран боюнча атайын чабармандыкка Роберт Мэллини дайындайт


Роберт Мэлли.
Роберт Мэлли.

АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы Иран боюнча атайын чабарман кылып тажрыйбалуу дипломат Роберт Мэллини дайындаганы турат.

Бул тууралуу Мамлекеттик департамент кабарлады. Жаңы чабарман АКШ менен Ирандын акыркы жылдары начарлап кеткен алакасын жөнгө салуу милдетин аркаламакчы.

Роберт Мэлли буга чейин Барак Обаманын улутук коопсуздук жаатындагы жардамчысы, Жакынкы Чыгыш, Түштүк Африка, Перс булуңундагы өлкөлөр боюнча координатору болгон. Ал 2015-жылдагы Ирандын өзөктүк программасы тууралуу келишимди иштеп чыгууга катышкан.

Мэллинин чабармандыкка дайындалганы 29-январда расмий жарыяланышы мүмкүн.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия өзөктүк келишим деген ат менен таанылган документке кол койгон. Ага ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө милдеттенме алган жана Иранга салынган эл аралык санкциялар токтотулган.

2018-жылы АКШ бул келишимден бир тараптуу чыгып кетип, Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтирген. Мындан соң Кошмо Штаттар менен Ирандын ортосундагы мамиле абдан начарлап кеткен эле.

Президенттикке киришкен Жо Байдендин администрациясы Иран менен өзөктүк программаны калыбына келтирүүнү көздөйт.

XS
SM
MD
LG