Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Тыштан келген жардам боюнча комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңеште каралат


Депутат Айнура Аскарова.
Депутат Айнура Аскарова.

Кыргызстанга пандемиянын кесепеттерин жоюуга тыштан келген каржылык жардамдын бөлүштүрүлүшүн текшерип жаткан мекеме аралык комиссиянын корутундусу жакын арада Жогорку Кеңеште каралат. Бул тууралуу «Парламент» радиосундагы маегинде депутат Айнура Аскарова билдирди.

Аскарова: «347 миллион долларга жакын сумма мамлекетке келип түшкөн. Ал кандай тартип менен бөлүштүрүлүп, кандай сарпталды? Бардыгынын эсеби так маалым болушу керек. Жогорку Кеңеш бул багытта өкмөттөн далилдүү жоопторду күтүүдө», - деди.

2020-жылы донорлор Кыргызстанга жалпысынан 774 миллион долларлык жардам көрсөтүүгө убада беришкенин, бул акчанын 343 миллиону бөлүнүп берилгенин Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы 31-декабрда кабарлаган. Тыштан жардам коронавируска каршы күрөш үчүн гана эмес, бюджетти колдоо үчүн да суралганы, бөлүнүп берилген 343 миллион доллардын 271 миллиону насыя, 72 миллиону грант катары келгени маалым болгон.

Былтыр 25-ноябрда кыргыз өкмөтү бюджетте акча тартыш болгондуктан пенсия, айлык жана башка социалдык төлөмдөрдү мамлекеттен эмес, сырттан келген карыз акчадан төлөп берип жатканын моюнга алган. (RK)

XS
SM
MD
LG