Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:06

Кочкордо аялын өлтүрдү деп шек саналган адам кармалды


Зомбулукту токтотууга багытталган Бишкектеги жөө жүрүш.
Зомбулукту токтотууга багытталган Бишкектеги жөө жүрүш.

Нарын облусунун Кочкор районундагы Тынай-Булак кыштоосунда 23-январда сөөгү табылган келиндин өлүмү үчүн шектүү адам кармалды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Нарын облустук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Улан Алиев маалымдады.

Кармалган киши Нарын шаарына суракка алуу үчүн жеткирилди. Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен сотко чейинки тергөө башталды.

Каза болгон 23 жаштагы келин Сокулук районунун тургуну болуп чыкты. Ал күч колдонуунун айынан өлгөнү аныкталды.

Улуттук статистика комитети аялдарга карата зомбулук 2020-жылы 14% жогорулаганын, ал эми үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйгөнүн маалымдаган. Жыл башынан бери бир нече аял зомбулуктун курмандыгы болду (BCh)

XS
SM
MD
LG