Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Өзбекстанда президенттик шайлоо октябрда өтүшү мүмкүн


Ташкент тургундары добуш берип жатышат. 22-декабрь, 2019-жыл.
Ташкент тургундары добуш берип жатышат. 22-декабрь, 2019-жыл.

Өзбекстанда президенттик шайлоо октябрда мөөнөтүнөн мурда өтүшү мүмкүн. Бул маселе 25-январда парламенттин жыйынында талкууланды.

Азыркы Конституцияга ылайык, президенттик шайлоо декабрда өтмөк. Эгер Мыйзам чыгаруу палатасында тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуш кабыл алынса, мамлекет башчыны шайлоо 24-октябрга жылат.

Өткөн жылдын соңунда президент Шавкат Мирзиёев парламентке кайрылуусунда «2021-жылы өтө турган президенттик шайлоо эл аралык стандарттарга шайкеш өтүшү зарыл» экенин билдирген.

Соңку президенттик шайлоо Өзбекстанда 2016-жылдын декабрь айында өткөн.

XS
SM
MD
LG