Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:13

Немис канцлери Навальныйды бошотууга чакырды


Ангела Меркел.
Ангела Меркел.

Германиянын канцлери Ангела Меркел орус бийлигин оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды бошотууга чакырды. Бул тууралуу германиялык «Deutsche Welle» басылмасы билдирди. Канцлер немис өкмөтү мындай кадамды туура деп эсептей турганын билдирген.

«Албетте, мен Навальный мырзаны тезинен бошотууга чакырам. Абдан тезинен», деп айтылган билдирүүдө.

Алексей Навальный 17-январда Берлинден Москвага учуп келери менен «Шереметьево» аэропортунда кармалган. Ага карата «Ив Роше» деп аталган иш боюнча шарттуу жаза камакка алууга алмаштырылары айтылып, 30 күнгө камакка алынган. Учурда оппозиционер Москвадагы «Мастросская тишина» аттуу тергөө абагында кармалып турат.

Навальный былтыр августта Орусияда ууландырылган соң Германияга жеткирилип, беш айдан ашык дарыланган. Ал учурда ооруканага Ангела Меркель келип көрүп, колдоосун билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG