Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Ооган бийлиги памирлик кыргыздарга каражат бөлдү


Памирлик кыргыз келин баласы менен. Март, 2017-жыл. Ооганстан.
Памирлик кыргыз келин баласы менен. Март, 2017-жыл. Ооганстан.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани памирлик кыргыздарга тез арада жардам жөнөтүүнү тапшырганын «Jomhornews» агенттиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Гани Бадахшандагы кыргыз улутундагы тургундар катаал климаттык шартта жашап жатканын биле турганын айтып, алар айрыкча кыш мезгилинде олуттуу сыноолорду башынан өткөрүшөрүн белгилеген.

Ооган лидери өлкөнүн түндүгүндөгү кыргыз мекендештерине чукул жардам жеткирүү боюнча ыкчам чара көрүүнү биринчи вице-президент Амруллах Салехге тапшырды жана 10 миллион афгани (11 млн. сомго жакын каражат) бөлдүрдү.

Жардамды жеткирүү ишин уюштурууну Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин башчысы Гулам Жейлани жетектеп, памирлик кыргыздарга керектүү азык-түлүк жана тиричилик буюмдары жеткирилди. Мындан тышкары, ар бир тургунга 5 миң афгани (5 478 сом) өлчөмүндө жардам бөлүп берүү каралган. (SE)

XS
SM
MD
LG