Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Берлин: Алексей Навальный учакка отурду


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Берлин-Москва каттамындагы "Победа" авиакомпаниясына таандык учакка отурду. Ал өзү менен чогуу учуп бара жаткан журналисттердин суроолоруна жооп берип, мекенине кайтып баруудан коркпой турганын билдирди.

Учак "Внуково" аэропортуна Москва убактысы боюнча 19.20да конмокчу.

Навальный Москвага 17-январда учуп келерин жарыялаган. Аны аэропорттон ондогон тарапташ-санаалаштары тосуп алганы жатканы кабарланган.

Апта башында Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальныйды «Ив Роше» компаниясынын ишине байланыштуу сот жыйынына чейин эле кармай турганын билдирген. Анын алдында мекеме саясатчыга федералдык издөө жарыяланган.

Навальный былтыр августта Томск-Москва учагында бараткан жеринен өзүн жаман сезип, Омск шаарындагы ооруканага жеткирилген. Көп өтпөй ошол жактан Берлиндеги клиникага которулган. Бир нече лаборатория ал Орусияда жасалган «Новичок» химиялык курал тобуна кирген зат менен ууландырылганын аныктаган.

Орус бийлиги саясатчыга кол салуу фактысын тергеп-иликтөөдөн баш тарткан. Эл аралык иликтөөчү журналисттердин тобу ал ишке орус атайын кызматынын тиешеси болушу мүмкүн экенин аныктаган. Кремль дооматтарды негизсиз деп билдирген.

Оппозиционерге мекенинде бир нече кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG