Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

Муфтият: Бир жылда имамдар 15 миңден ашык нике кыйды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын бирдиктүү шарияттык нике каттоо журналына 2020-жылы 15 119 үй-бүлө катталды.

Муфтияттын басма сөз кызматы 15-январда билдиргендей, журналга каттоодо имамдар нике кыйыла турган түгөйлөрдүн паспортун талап кылышы керек. Документке ылайык, 18 жашка толгон жарандарга гана шарияттын негизинде нике кыйылат.

Нике каттоо журналын киргизүүнү муфтий Максатбек ажы Токтомушев сунуш кылып, 2019-жылдын июнунда ишке киргизилген.

Журнал муфтиятка караштуу дин кызматкерлерге алар атайын окуудан өткөндөн кийин гана берилет. Алар нике кыйган учурларын каттап турууга милдеттүү.

Өлкөдө акыркы кездери жашы жете элек кыздарга деле шарият менен нике кыйылган учурлар катталууда.

Жакында Ош облусунун Ноокат райондук соту 16 жаштагы кызга нике кыйган деп айыпталган молдону үч жылга эркинен ажыратып, мунапыстын негизинде жазадан бошоткону белгилүү болду.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, никеге турууга 18 жаштан кийин уруксат берилет. (NT)

XS
SM
MD
LG