Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальныйды камай турганын билдирди


Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный. 13-январь, 2021-жыл.
Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный. 13-январь, 2021-жыл.

Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды сот жыйынына чейин эле кармаш үчүн бардык чараларды көрө турганын 14-январда билдирди.

Мындан бир нече күн мурда Навальныйга федералдык издөө жарыяланган. Андан көп өтпөй 44 жаштагы Навальный ушул жуманын соңунда Германиядан Орусияга кайтарын айткан.

12-январда Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы Москвадагы Симоновский райондук сотуна Навальныйга карата шартуу сот жазасын реалдуу жазага алмаштыруу боюнча доо арыз менен кайрылды.

Кызмат 30-декабрда аяктай турган шарттуу жаза мөөнөтү тууралуу 28-декабрда билдирүү жасап, анда Навальный Берлиндеги «Шарите» клиникасынан 2020-жылдын 20-сентябрында чыгарылганын белгилеп, сот салган милдеттерге ылайык 29-декабрга чейин Орусияга келип, каттоого турушун талап кылган.

«Шарттуу түрдө соттолгон адам сот салган милдеттерди аткарбай, кылмыш-аткаруу инспекциясынын көзөмөлүнөн качып жатат» деген билдирүү таркатылган.

Навальныйдын шарттуу кесилген окуясы 2014-жылы «Ив Роше» компаниясынын ишине барып такалат. Анда Алексей агасы Олег Навальный менен бирге ири өлчөмдөгү каражат уурдаган деп айыпталган. Жыйынтыкта саясатчы 3,5 жыл шарттуу кесилсе, агасы Олег 3,5 жылга түрмөгө кесилип, жаза мөөнөтүн түрмөдө өтөп чыкты.

Навальный мурунку кылмыш ишти саясий куугунтук, «токулган иш» катары сыпаттап, өзүнө каршы жаңы козголгон иштерин «кек», анын Орусияга кайтышына тоскоолдук жаратуу катары баалайт.

XS
SM
MD
LG