Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:51

«Фейсбук» Кыргызстандагы жүздөгөн фейк аккаунттарды жок кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Facebook» компаниясы 12-январда жарыялаган баяндамасында Кыргызстанда жалган маалыматтарды таркаткан жүздөгөн аккаунттарды жапканын билдирди.

Компания түшүндүргөндөй, медиа-консталтингдерде мурда-кийин иштегендерге байланышы бар, өлкөнүн ички аудиториясына багытталган «Facebook» социалдык тармагындагы 193 аккаунт, 246 баракча, 50 топ жана «Инстаграмдагы» 30 аккаунтту камтыган түйүн жок кылынды.

Андан тышкары негизинен саясий партияларга байланыштуу маалыматтардын мазмунуна комментарий берип, жаңылыктарга багытталган баракчаларга билдирүүлөрдү жарыялап келген түйүн өчүрүлдү. Ага «Фейсбуктагы» 92 аккаунт, 11 топ, төрт баракча жана «Инстаграмдагы» 30 аккаунт кирчү.

Ошондой эле «Facebook» өз иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен «Медиа центр» деген медиакомпанияга жана мурда-кийин маалымат каражаттарында, өкмөттө иштеген адамдарга тийиштүү түйүндү да жок кылган. Ага «Фейсбуктагы» 121 аккаунт, 46 баракча, жети топ жана «Инстаграмдагы» 30 аккаунт камтылган болчу. Бул аккаунттар былтыркы парламенттик жана 2021-жылы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо өнөктүктөрүнүн маалында бир канча саясий тарапка иштеп, иш жүргүзгөн.

«Facebook» компаниясы ушул эле баяндамасында Кыргызстандан башка Иран, Украина, Марокко, Казакстан, Аргентина, Бразилия, Индонезия жана Орусия өлкөлөрүндөгү жалган маалымат тараткан жүздөгөн аккаунттарды өчүргөнүн билдирген.

Фейктер же троллдор - социалдык тармактарда атайылап жалган, акылга сыйбаган же мазмунга тиешеси жок билдирүүлөрдү жайгаштырган активдүү аккаунттар. Алардын көбү кайсы бир топту же саясатчыны колдоп, идеясын жайылтат. Оппоненттерди каралап, далилсиз айыптарды коюшат.

XS
SM
MD
LG