Бул кездешүү Тоолуу Карабактагы согушту токтотуу үчүн үч тараптуу келишимге кол коюлгандан бери эки айдай убакыттан кийин өтүп жатат. Лидерлер анда келишимди ишке ашыруу маселелерин талкуулашмакчы.
Кремль бул жолугушуу Владимир Путиндин демилгеси менен өтүп жатканын белгиледи. Анын басма сөз кызматы «үч өлкөнүн лидерлеринин 2020-жылдын 9-ноябрындагы Тоолуу Карабак тууралуу билдирүүсүн ишке ашыруунун жүрүшү» талкууланат деп кабарлады.
«Согуштук аракеттерде жабыркаган тургундарга жардам берүү маселесине, ошондой эле соода-экономикалык жана транспорттук байланыштарды кайра ачууга өзгөчө көңүл бурулат. Владимир Путин Илхам Алиев жана Никол Пашинян менен өз-өзүнчө жолугушат», деп айтылат Кремль тараткан билдирүүдө.
Өткөн айда Владимир Путин Тоолуу Карабак жаңжалын жөнгө салуу үчүн тараптардын сүйлөшүүнү улантышы маанилүү экенин айткан:
«Үч тараптуу билдирүүнүн алкагында биз согуштук аракеттерди токтотууну макулдашканбыз. Эң маанилүүсү - анда тараптар үч тараптуу келишимге кол койгонго чейинки позицияда калат деп сүйлөшкөнбүз. Ок атышууну токтотуу режими бир эле жолу бузулду. Биздинби, же Минск тобунун ортомчулугу мененби, айтор, тараптар мунаса табат деп үмүттөнөбүз. Биздин тынчтык орнотуучу аскерлерибиздин саны көбөйүшү мүмкүн. Бирок ал бардык тараптардын, анын ичинде Азербайжандын макулдугу менен болот. Анткени биз башында эле аскерлердин саны тууралуу макулдашканбыз».
Армян премьер-министри Никол Пашинян Москва сапарынын алдында «Фейсбуктагы» баракчасына келишимдеги эң маанилүү шарттардын бири туткундарды, барымтада жана камакта жаткан адамдарды, ошондой эле маркумдардын сөөгүн алмашуу экенин жазды. Андан сырткары Армениядан Азербайжандын аймагы аркылуу Орусияга, Иранга, ал эми Азербайжанга Армениянын Нахичеван автономиясы аркылуу жүк ташууну калыбына келтирүү болорун айтты.
Буга чейин Азербайжандын туткундар иши боюнча мамлекеттик комиссиясы беш армян жараны, анын ичинде эки аскер кызматкери менен үч жайкын тургун кармалып турганын билдирген. Ереван Азербайжандагы армян туткундарынын саны тууралуу ачык маалымат берген эмес.
Тараптар өткөн айда туткун алмашкан. Ага ылайык, 12 туткун Азербайжанга, 44 туткун Арменияга өткөрүлүп берилген.
Үч тараптуу келишимге ылайык, Азербайжан 1990-жылдардын башына чейин өзү көзөмөлдөгөн аймактарды эле эмес, дагы бир катар райондорду, анын ичинде Карабактын байыркы борбору Шуша шаарын да алган.
44 күнгө созулган куралдуу кагылышта эки тараптан 4700дөн көп киши мерт болгон.
Ок атууну токтоткон келишимдин дагы бир шартынан улам Орусиянын эки миңдей аскери Тоолуу Карабакта тынчтык орнотуучу катары киргизилген. Алар учурда Арменияны бул аймак менен байланыштырып турган Лачын өткөөлүн да кайтарып жатат. Өткөн айда Москва менен Анкара Тоолуу Карабактагы жагдайга жана тынчтык орнотуучу күчтөргө чогуу байкоо жүргүзүп, көзөмөлдөш үчүн биргелешкен борбор түзүүнү макулдашкан.
Келишимдеги бир топ жагдайлар, анын ичинде Тоолуу Карабактын саясий макамы, эки тарапты бөлүп турган чекке байланышкан маселелер, экономикалык суроолор тактала элек.
Макулдашууга кол коюлгандан кийин Ереванда калайман каршылык акциялары өтүп, Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылышкан. Армян өкмөт башчысы үч тараптуу макулдашууга кол койгондон башка аргасы болбогонун айтып келет.
Түштүк Кавказдагы бул эки өлкө 1990-жылдагы Тоолуу Карабак чатагынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган. Куралдуу кагылышта 30 миңдей кишинин өмүрү кыйылган.
1992-жылы тараптардын сүйлөшүүлөрүнө ортомчулук кылыш үчүн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минск тобу түзүлгөн. Бул топко Азербайжан, Армения, АКШ, Беларус, Германия, Италия, Швеция, Финляндия жана Түркия кирет. Вашингтон, Париж жана Москва бул топко теңтөрагалык кылат.