Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:43

КТРК дебаттын видеосун «YouTube» каналына кайра жүктөдү


КТРКнын дебат өткөн студиясы.
КТРКнын дебат өткөн студиясы.

Кыргызстандын Коомдук телерадио корпорациясы (КТРК) президенттик шайлоого талапкерлердин дебатынын үчүнчү күнүндөгү видеону «YouTube» хостингине 4-январда кайра жүктөдү.

Азыр видеонун толук версиясы КТРКнын аталган хостингдеги баракчасында турат.

30-декабрда КТРКда өткөн талапкерлердин кезектеги дебатына президенттикке талапкерлер Бабыржан Төлбаев, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков, Улукбек Кочкоров, Жеңишбек Байгуттиев жана Абдил Сегизбаев катышкан.

Дебат учурунда Сегизбаев дагы бир талапкер Садыр Жапаровду кескин сындаган. Ал Жапаров менен УКМКнын азыркы төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тоюна барганын айтып, буга далил катары сүрөттөрдү көрсөткөн.

Бирок түз ободо чыккан дебаттын видеосу аталган порталдан бир сааттан кийин өчүрүлүп, ар кандай талкууларга жем таштаган.

Социалдык түйүндөрдүн бир катар колдонуучулары дебаттын видеосунун «YouTube» каналынан табылбай калышын Абдил Сегизбаевдин билдирүүсү менен байланыштырган.

КТРК алгач эч кандай маалымат бербей, кийинчерээк муну техникалык мүчүлүштүк катары түшүндүргөн.

Абдил Сегизбаев баштаган талапкерлер видео атайылап өчүрүлдү деген негизде Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арызданган.

2-январда БШКнын үгүт иштери боюнча жумушчу тобу КТРКнын башкы директоруна 5 500 сомдук айыппул салуу, видеону «YouTube» хостингине кайра жүктөөгө милдеттендирүүнү сунуш кылган. (NT)

XS
SM
MD
LG