Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:15

Жапыкеев: ЖЭБге Кара-Кеченин көмүрү туура келбейт


Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчиси Сыймык Жапыкеев.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчиси Сыймык Жапыкеев.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчиси Сыймык Жапыкеев Бишкек Жылуулук электр борборуна Кара-Кеченин көмүрү туура келбегенин, ЖЭБдин курулушун кылгандар жоопко тартыларын билдирди.

Жапыкеев бул тууралуу “Фесбуктагы” баракчасына жазды.

Ал Бишкекти каптаган түтүнгө салым кошуп жаткан ЖЭБге жагылган көмүрдүн сапаты начар деп эсептейт.

Бишкек Жылуулук электр борборуна жылына 1 млн. 110 тонна көмүр керектелет. Бишкек ЖЭБинин жетекчилигинин маалыматына ылайык, анын 850 миңи күз-кыш мезгилинде жагылат. Көмүрдүн 680 миң тоннасы Кара-Кечеден алынат.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз, айрым бөлүгү электр жарыгысыз калган.

Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Мурдагы премьер-министрлер баш болгон жогорку кызмат адамдары соттолгон.

Казакстандын Кордой жергесиндеги желден электр кубатын өндүрүүчү тегирмендер. 2019.
Казакстандын Кордой жергесиндеги желден электр кубатын өндүрүүчү тегирмендер. 2019.

Кыргызстан бир жылда кеминде 2,5 млн тонна көмүр керектейт. Анын көбү Жумгалдагы Кара-Кече кенинен казылат. Өлкөдөгү айрым жабылган көмүр кендеринде өз бетинче казуу иштерин жүргүзүп, технологиялык коопсуздук шарттарын сактабоонун айынан кырсыкка учурагандар да бар.

Кыргызстандык экологдор өлкө бийлигин экологиялык жактан таза кубат булактарын колдонууну көбөйтүүгө чакырып, суу кубатына кошумча күн, өзөктүк жана жел кубатын пайдалана баштоонун зарылдыгын белгилешет. (TSh)

XS
SM
MD
LG