Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:30

КТРК телетаймаштын видеосунун өчүп калганы боюнча түшүндүрмө берди


Абдил Сегизбаев телетаймаш учурунда.
Абдил Сегизбаев телетаймаш учурунда.

Коомдук телерадио корпорациясы (КТРК) 30-декабрдагы теледебаттын видеосунун өчүп калганы боюнча түшүндүрмө таратып, «телеканалды цензурага байланыштуу айыптоого негиз жок» экенин билдирди. Бул тууралуу телеканалдын сайтында жазылды.

Анда «КТРКны кандайдыр бир цензура боюнча айыптоого кыпындай дагы негиз жок» деп жазылган.

Маалыматка ылайык, КТРКнын «YouTube» каналындагы түз эфирден кийин видео өчүрүлүп, сапаттуу болушу үчүн кайрадан HD форматында жүктөлөт.

30-декабрдагы дебатты кайра жүктөп жаткан учурда маалымат сактоочу каражат иштен чыгып калган. КТРК техникалык мүчүлүштүктөр жоюлгандан кийин ал видео кайрадан жүктөлөрүн билдирди. Коомдук каналдын жетекчилиги президенттикке талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүлүп жатканын белгилеген.

30-декабрда Коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы (КТРК) теледебаттардын биринчи турунун үчүнчү күнүндө президенттикке аттанган алты талапкер беттешкен. Алар - Бабыржан Төлбаев, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков, Жеңишбек Байгуттиев, Улукбек Кочкоров жана Абдил Сегизбаев.

Сегизбаев эфир учурунда талапкер Садыр Жапаровду кескин сындаган. Ал сүйлөп жаткан учурда Садыр Жапаров менен УКМКнын азыркы төрагасы Камчыбек Ташиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тоюна барганын айтып, далил катары сүрөттөрүн көрсөткөн. КТРКнын оператору аны ири план менен (жакындатып) берген.

Бирок дебат бүткөндөн кийин таймаштын видеосу телеканалдын «YouTube» каналында жоголуп кетти. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары муну Абдил Сегизбаевдин так ушул билдирүүсү менен байланыштырышты. (TSh)

XS
SM
MD
LG