Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Украинанын президенти Конституциялык соттун төрагасын кызматтан кетүүгө чакырды


Украинанын президенти Владимир Зеленский, Конституциялык соттун төрагасы Александр Тупицкий, Жогорку Раданын төрагасы Дмитрий Разумков.
Украинанын президенти Владимир Зеленский, Конституциялык соттун төрагасы Александр Тупицкий, Жогорку Раданын төрагасы Дмитрий Разумков.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн Конституциялык сотунун төрагасы Александр Тупицкийди кызматтан кетүүгө чакырды. Зеленский «Фокус» басылмасына курган маегинде Тупицкийдин Конституциялык сотту башкарууга укугу жок экенин билдирген. Буга себеп катары президент сот төрагасынын бир катар маселелер боюнча жеке кызыкчылыгы бар экенин көрсөткөн.

«Тупицкий мындан ары Конституциялык соттун төрагасы боло албайт. Соттун өзгөрүшү дал ушундан башталышы керек. Мен коркуткан жокмун. Мамлекет, коом, Жогорку Рада жана президент менен конфликтте болуп калды. Ал кызматтан кетип калса, нормалык мырзалык кадам болмок», - деген Владимир Зеленский.

Конституциялык соттун төрагасына сын-пикирлер быйыл октябрь айында кабыл алган чечиминен соң көбөйгөн. Анда сот Кылмыш кодексиндеги чиновниктер үй-мүлкү тууралуу декларациясына туура эмес маалыматтарды бергени үчүн жаза тартчу беренени Конституцияга каршы келет деп тапкан.

Ал учурда Конституциялык органдын өкүлдөрү сот бийлигин аткаруу бийлигинин басымынан коргоо үчүн дал ушундай чечим кабыл алынганын түшүндүргөн.

Украинанын коррупциянын алдын-алуу боюнча улуттук агенттиги сот объективдүү эмес чечим кабыл алганын, анткени бир катар судьялардын өздөрүнүн декларациясында жалган маалыматтар аныкталганын билдирген.

Европа Биримдиги да Конституциялык соттун чечими боюнча камтачылыгын жарыялаган.

Украинанын Жогорку Радасы декабрдын башында чиновниктер декларациясына жалган маалымат жазса, жазага тартууну караган мыйзамды кайрадан кабыл алды.

XS
SM
MD
LG