Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Лавров Навальныйдын ууландырылышы боюнча иликтөөнү четке какты


Сергей Лавров. Загреб, 16-декабрь, 2020-жыл.
Сергей Лавров. Загреб, 16-декабрь, 2020-жыл.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын ууландырылышына тиешеси болушу мүмкүн деген маалыматка комментарий берди.

Министр «Bellingcat» жана бир нече маалымат каражаттарынын биргелешкен иликтөөсүн четке какты.

«Бул жаңылыктарды окусаң күлкүң келет. Бирок ал маалымат сунушталган ыкма биздин Батыштагы өнөктөштөрүбүздүн этикалык нормалары жок экенин айгинелейт», - деди Лавров шаршембиде Загребдеги басма сөз жыйынында.

14-декабрда «Bellingcat» иликтөө тобу жана «The Insider» басылмасы Навальныйдын ууландырылышы тууралуу иликтөөсүн чыгарган. Материалда кол салууга аралашкан болушу керек деген орус атайын кызматында иштеген бир нече адамдын аты аталган.

Сентябрда европалык бир нече лаборатория 44 жаштагы оппозиционер ууландырылганын тастыкташкан. Навальный августта Сибирден Москвага бараткан учакта өзүн жаман сезип ооруканага жеткирилип, кийин Берлиндеги клиникага которулган.

Кремль оппозиционердин ууландырылышына тиешеси жок экенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG