Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

300дөй медкызматкерге кенемте төлөө жараяны аяктап калды


Бишкекте ачылган убактылуу стационарлардын биринде тартылган сүрөт.
Бишкекте ачылган убактылуу стационарлардын биринде тартылган сүрөт.

Кыргыз өкмөтү коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин арасынан дагы 297 кишиге 200 миң сомдон, илдеттен өлгөн дагы үч медицина кызматкеринин жакындарына миллион сомдон кенемте төлөп берүү жараянын дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова 16-декабрда билдирди.

Мурдараак вирус жугузуп алган 608 медкызматкерге 200 миң сомдон, каза болгон 30 догдурдун жакындары миллион сомдон алганы кабарланган.

Расмий эсепте өлкөдө 4049 медкызматкер жумуш учурунда COVID-19 вирусун жугузуп алган. Алардын ичинен 3796сы сакайып, 86сы кайтыш болду.

16-декабрга карата соңку бир суткада сегиз медицина кызматкерине коронавирус жукканы аныкталды.

Өкмөт коронавируска кабылган медицина кызматкерлерине кенемте төлөш үчүн документтерди кабыл алууну ноябрда убактылуу токтотуп, жаңы жылдан кийин кайра кабыл алынышы мүмкүн экени айтылган.

Иш учурунда коронавирус жугузуп алган медкызматкерлерге 200 миң сомдон, каза болуп калгандарынын жакындарына миллион сомдон кенемте төлөп берүүнү өкмөт коронавирус күчөгөн жаз айларында чечкен. Ал эми пневмония менен ооругандарга төлөм каралган эмес.

«Эл аралык мунапыс» уюму («Amnesty International») пандемия маалында Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин укуктары одоно бузулганы тууралуу 25-сентябрда баяндама жарыялаган. (SE)

XS
SM
MD
LG