Азыркы иштеп жаткан мыйзам боюнча эки сайлуу куралга гана уруксат бар. Мыйзам долбоорунун ИИМ иштеп чыккан редакциясы Жогорку Кеңешке келгенде бир топ өзгөрүп кеткен. Куралдын санын беш даанага чейин көтөрүү сунушун депутат Жаныбек Бакчиев берген. Ал мыйзам долбоорун активдүү колдогон депутаттардын бири болууда.
Жаныбек Бакчиев сунушун мындай деп түшүндүрдү:
«Азыркы учурда экиден көп сайлуу мылтыгы бар адамдар кандай кылып жатат? Алар өз куралдарын досторуна, туугандарына каттатып коюп эле өздөрү колдонууда. Эгерде бул мыйзам кабыл алынса, анда ар бир адам куралды өзүнө каттатат. Жыйынтыгында аларды көзөмөлдөгөнгө жеңил болот. Мындан тышкары Кыргызстанда ок атуу боюнча мелдештер өнүгүп жатат. Бул спортко жакын адамдар ар кандай калибрдеги курал алгысы келет. Биз колдоп жаткан мыйзам спортту өнүктүрөт. Анын үстүнө калктын аскердик патриоттук чеберчилигин арттырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт».
Сайлуу курал деп түтүгүндө сайы бар мылтыктар аталат. Мындай куралдан атылган ок айланып учуп, алыска кетет жана таамай тиет.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда курал сатууга уруксат алган 49 дүкөн иштеп жатат. Жарандардын колунда ар кандай түрдөгү 32 403 мылтык бар. Эгерде мыйзам кабыл алынса, анда элдеги куралдын саны бери дегенде эки эсе көбөйүп кете турганы айтыла баштады.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште талкууланып жаткан учурда депутат Алмазбек Токторов 2010-жылдагы Ош окуясында сайлуу мылтыктардан ок атылганын айтып чыкты:
«Оштогу коогада мергенчи мылтыгынан ок атылганына өзүм күбө болгом. Ооруканага барганда да жарадарларды көргөм. Алар автоматтан эмес, сайлуу мылтык деп эсептелген «Сайга» үлгүсүндөгү мылтыктан ок жеген. Мага жеткен маалыматтар боюнча Ош окуясынын алдында курал саткан дүкөндөрдөн көп мылтык сатылып кеткен. Күч органдары бул иш боюнча так маалымат бербей жатат. Сайлуу мылтыкка уруксат бериш үчүн ИИМдин кызматкерлери 500 долларга чейин пара алышат. Өзүң алайын десең жарым жылга чейин сүйрөшөт. Алар канча мылтык сатылса ошончолук акча табат да».
Алмазбек Токторовдун айткандарына ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев мындай деп жооп берди:
«Ош окуясын иликтеген тергөөдө ок мергенчи мылтыгынан атылганы аныкталган эмес. Аныкталса да жоопко тартылган. Эгерде сизге керек болсо 2010-жылдагы иштерди көтөрөйүн. Сизге расмий түрдө жооп беребиз».
Алмазбек Токторов Аширходжаевдин айткандарын «карандай калп» деп сынга алды. Расмий маалымат боюнча, Ош коогасында 1190 курал жоголгон. Анын 557си кайра кайтарылып, 663 курал бүгүнкү күнгө чейин табыла элек.
Ички иштер министрлиги ар бир курал каттоодон өтүп, андан атылган ок баллистикалык экспертиза менен ылдам эле аныктала турганын билдирүүдө.
Мыйзам боюнча куралга ээ болгусу келген адамга алгач сайсыз мылтык берилет. Эгерде курал алган адам мыйзамды, мылтыкты сактоо эрежелерин бузбаса, анда беш жылдан кийин сайлуу мылтык алганга жол ачылат. Уруксат кагазы ар үч жыл сайын жаңыланып турат. Жаңы сунушталып жаткан мыйзамга ылайык, бул мөөнөт беш жылга чейин узартылганы жатат.
ИИМдин ардагери Токтогул Какчекеев бул абдан кооптуу мыйзам экенин белгиледи:
«Бул куралдар ар кандай кагылышууда, өч алганда, кылмыш кылганда же табигый жырткычтык сезим менен Кыргызстандын флора, фаунасын талкалоодо колдонулушу толук мүмкүн. Анын үстүнө азыркы маалда өлкөдө саясий абал да туруктуу болбой жатат. Ар бир адамга беш мылтык алууга уруксат берүү туура эмес. Кылмышкерлер же ар кандай топтор куралданат. Бир нерсе болуп кете турган болсо аларды токтотконго күч жетпейт».
Талаш жараткан мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды. Эми дагы эки окуудан өтүп, президент кол койгон күндө гана күчүнө кирет.