Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

ЕБ Донбасстагы жаңжал боюнча Орусияга санкцияларын узартты


"Нормандиялык төрттүктүн" жыйыны. 2019-жылы, декабрь
"Нормандиялык төрттүктүн" жыйыны. 2019-жылы, декабрь

Европа Биримдигинин лидерлери 10-декабрдагы жолугушууда Украинанын чыгышындагы жаңжалга байланыштуу Орусияга карата санкцияларды дагы жарым жылга узартуу чечимин кабыл алышты.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркел бирикменин башка катышуучуларына Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуунун абалы боюнча маалымат берди. Расмий Париж жана Берлин жаңжалдын катышуучулары саналган Орусия жана Украина менен катар аталган жаңжалды жөнгө салуу боюнча “нормандиялык төрттүккө” кирет.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосуна абалды билген дипломаттар кабарлагандай, жолугушуунун жүрүшүндө Макрон жана Меркел жаңжалды токтотуу боюнча көзгө көрүнөрлүк жылыш болбогондуктан санкцияларды узартууну сунушташкан.

“Нормандиялык төрттүктүн” акыркы жолугушуусу 2019-жылы декабрда Франциянын борбору Парижде өткөн.

Алгач жолу Орусияга карата санкциялар Крым жарым аралын аннексиялап, Донбасстагы жикчилдерге аскердик жардам көрсөткөнү үчүн 2014-жылы июль айында өткөн. Андан бери ар жарым жыл ай сайын узартылып келет.

Евробиримдиктин элчилери жакынкы жумаларда Орусияга карата санкцияларды расмий түрдө узартышат. Санкциялар финансы, энергетика жана коргонуу тармактарына тиешелүү.

Украинанын чыгышындагы жаңжалдан жалпысынан 13 миңден ашуун адам каза болду. Москва Донбасстагы орусиячыл жикчилдерге жардам көрсөткөнүн четке кагып, ал эми Крымдын аннексиясын “тарыхый адилеттиктин калыбына келиши” катары атап келет.

XS
SM
MD
LG