Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:02

Дастан Бекешев: Биз түшүнүк менен жашап калдык


Кыргызстандын Конституциясы.
Кыргызстандын Конституциясы.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин 10-декабрдагы жыйынында айтты. Ал Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууга мыйзам бузуу менен чыгарылып жатканын билдирди.

«Мыйзамды жок дегенде бир жума коё турса болмок да. Ал күн тартибине мыйзамсыз киргизилген. Сунуштарды берсек караган жок. Комитет чогулган жок. Мыйзамдын баары эле сурамжылоо менен өтө береби? Анда элден сурабай эле мыйзамдын баарын жабык режимде кабыл албайлыбы. Ансыз деле аша чапкандык болуп атпайбы. Биз түшүнүк менен жашап калдык», - деди Бекешев.

Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин отурумунун күн тартибине мамлекеттик түзүлүштү аныктоо тууралуу мыйзам долбоору бешинчи маселе болуп киргизилген. Бул документ 9-декабрда парламенттен биринчи окууда кабыл алынган. Документтин автору, депутат Акылбек Жапаров мыйзамга алымча-кошумчалар киргизилип экинчи окууга чыгарыларын айткан. Жапаров ошондой эле мыйзамга карата сын-пикирлер экинчи окууда караларын да билдирген.

Вице-спикер Мирлан Бакиров тиешелүү комитеттин отуруму 9-декабрда болгону жөнүндө маалыматы бар экенин, комитет төрагасы ал тууралуу кенен айтып берерин билдирди.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев мыйзам экинчи окууга да жол-жоболорду бузуу менен чыгарылганын билдирди. Текебаевдин айтуусунда, регламент боюнча мыйзамдар Жогорку Кеңештин жалпы кароосуна коюлушу үчүн ар бир окуунун ортосунда жок эле дегенде 10 күндөн убакыт керек.

9-декабрда Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Долбоорго депутаттар Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Альфия Самигулина жана Евгения Строкова «каршы» добуш берди. Жыйынга катышып жаткан башка депутаттар документти колдоду.

Жарандык активисттер мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү жөнүндө референдум өткөрүүгө каршы чыгып жекшемби сайын пикет, митинг, жүрүш уюштуруп келатышат. Алар өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны 20-ноябрда түзүлгөн Конституциялык кеңешме талкуулап жатат.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат.

Мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум өткөрүлүшү мүмкүн.(BTo/ZKo)

XS
SM
MD
LG