Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

«Эргүүгө айланган кыш» аттуу поэзия кечеси өтөт


Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата «Эргүүгө айланган кыш» аттуу поэзия кечесин өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева билдирди.

Аталган поэзия кечеси 10-декабрда өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында, ал эми 11-12-декабрь күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде өткөрүлөт.

Кечеге белгилүү акын, жазуучулар жана чыгармачыл адамдар катышат.

12- декабрь - жазуучу Чыңгыз Айтматов жарык дүйнөгө келген, акын Алыкул Осмонов каза тапкан күн. Буга байланыштуу 2011-жылдан бери ушул датада Улуттук адабият күнү белгиленип келет. (MSd)

XS
SM
MD
LG