Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:07

Европарламент Беларустагы адам укуктарынын бузулушу боюнча резолюция кабыл алды


Беларустун Минск шаарында күч түзүмдөрүнүн токмогунан каза тапкан болушу ыктымал деген Роман Бондаренконун тажыясынан көрүнүш.
Беларустун Минск шаарында күч түзүмдөрүнүн токмогунан каза тапкан болушу ыктымал деген Роман Бондаренконун тажыясынан көрүнүш.

Европа парламенти 26-ноябрда Беларуста адам укуктарынын бузулушун жана Роман Бондаренко аттуу жигиттин өлтүрүлүшүн айыптаган резолюция кабыл алды. Европанын депутаттары Беларус бийлигин зомбулукту токтотууга үндөп, 9-августтагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришти.

Ошондой эле документте Еврошаркеттин фондунан Беларус өкмөтүнө акча которууну толугу менен токтотуу жөнүндө чакырык да камтылган.

31 жаштагы Роман Бондаренко Минксиде 11-ноябрда табышмактуу жагдайда каза болгон. Анда беткап тагынган жөнөкөй кийимчен адамдар шаардын короолорунун биринде оппозициянын символу болгон ак-кызыл ленталарды алып салып жатканда Бондаренко алардын жанына барып, эмне болуп жатканына кызыккан. Аны ошол жактан кармап кетишкен. Кийин токмоктон оор жараат алып ооруканага түшкөн, бирок эсине келбей жатып жан берген.

Европа парламенти резолюция кабыл алган күнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батыш өлкөлөрүн «Беларустун ички ишине кийлигишти» деп айыптаган. Лавров бул тууралуу 26-ноябрда Минскиде Александр Лукашенко менен жолугушуудан кийин айтты.

Беларуста президенттик шайлоо өткөн август айынан бери оппозициянын нааразылык акциялары токтобой жатат. Бир катар Батыш өлкөлөрү президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Лукашенко баштаган бир нече бийлик өкүлүнө санкция киргизген.

Оппозиция жума сайын акцияларды өткөрүп, анын жүрүшүндө бийлик күч колдонуп жүздөгөн адамдар кармап жатат.

XS
SM
MD
LG