Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

Азербайжан аскерлери Агдам районуна кирди


Агдамдан чыгып кетип жаткан акыркы армян жоокерлеринин күзөтчүсү. 2020-жылдын 19-ноябрынын кечи.
Агдамдан чыгып кетип жаткан акыркы армян жоокерлеринин күзөтчүсү. 2020-жылдын 19-ноябрынын кечи.

Атышууну токтотуу тууралуу үч тараптуу билдирүүдө камтылган шарттарга ылайык, 20-ноябрда Азербайжан аскерлери Тоолуу Карабак менен чектеш Агдам районуна киргизилди.

Орусиянын арачылыгы менен жүзөгө ашырылган тынчтык келишимине ылайык, 27 жылдан бери армян аскерлеринин көзөмөлүндө кала берип келген бул район эми 6 апталык согуштан кийинки тынчтык макулдашуусунун негизинде Азербайжанга тынч жол менен кайтарылууда.

Азербайжандын Коргоо министрлиги: «Азербайжан Республикасынын президенти, Армения Республикасынын премьер-министри жана Орусия Федерациясынын президенти кол койгон үч тараптуу билдирүүгө ылайык, Азербайжан аскер бөлүктөрү Агдам аймагына 20-ноябрда кирип барды», деген билдирүү жарыялады.

Кечээ (бейшембиде) армениялык жоокерлер жана танктар кырка тизилип алып бул аймактан чыгып кетишкен. Агдам аймагындагы карапайым армян тургундарынын бул жактан чыгып кетүүнү эп көргөн бөлүгүнө жүгүн артынып көчүп кетүүгө анча-мынча гана күн берилди. Алардын айрымдары өз үйлөрүн өрттөп кетишти.

Агдамдагы бул мечит баскынчылык маалында малканага айланган. 2020-жылдын 19-ноябрындагы көрүнүш.
Агдамдагы бул мечит баскынчылык маалында малканага айланган. 2020-жылдын 19-ноябрындагы көрүнүш.

Еревандан алынган соңку маалыматка караганда, Армениянын коргоо министри Давид Тоноян жума күнү кызматтан чегинүү тууралуу арызын тапшырды. Ал бул кызматты 2018-жылдын май айынан бери аркалап келген.

9-ноябрдагы Азербайжандын, Армениянын жана Орусиянын жетекчилери кол койгон үч тараптуу билдирүүнүн негизинде Тоолуу Карабакта жана анын айланасында алты апта бою алоолонгон согуш оту өчүрүлдү.

Ал билдирүүгө ылайык, бул чөлкөмдө тынчтыкты камсыз кылыш үчүн орусиялык тынчтык орнотуу күчтөрү 10-ноябрда киргизилген.

XS
SM
MD
LG