Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:06

Түркиянын президенти Кипрдин бөлүнүшүн жактап чыкты


Режеп Тайып Эрдогандын Түндүк Кипр Түрк Республикасына барган учуру.
Режеп Тайып Эрдогандын Түндүк Кипр Түрк Республикасына барган учуру.

Жекшембиде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өзүн-өзү мамлекет деп жарыялаган Түндүк Кипр Түрк Республикасына барып, эл аралык коомчулук Кипрдин эки мамлекетке бөлүнүшүн расмий таанышы керек деген турумду жактай турганын билдирди.

«Кипрде эки башка эл жашайт жана эки башка мамлекет бар. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында эки мамлекеттин өз алдынча болушуна шарт түзүш керек»,- деди Эрдоган.

Түндүк Кипр Түрк Республикасы 1983-жылы өзүнүн эгемендигин жарыялаган. Мурдараак кипрдик түрктөр отурукташкан аралдын түндүк аймагын түрк аскерлери басып алып, Кипрдин Грекияга кошулуп кетишине тоскоол болгону белгиленет.

Республиканы эгемен өлкө катары Түркия гана таанылган. БУУдагы башка өлкөлөр негизинен гректер жашаган өлкөнүн түштүк аймагын көзөмөлдөгөн Кипр Республикасынын юрисдикциясы бардык Кипрге жайылат деп эсептейт.

Кипрдин эки коомунун өкүлдөрү аралды бириктирүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ал жыйынтыктарды берген эмес. Маалымат агенттиктери кабарлагандай, Кипрдин түндүгүнө Эрдоган колдогон улутчул саясатчы Эрсин Тартардын бийликке келиши менен биригүүнүн ансыз да арсар келечеги туңгуюк абалда калды. Тартар Түндүк Кипрди эл аралык коомчулук эгемен мамлекет катары таанышы керек деп эсептейт.

Режеп Тайып Эрдоган жетектеген Түркия Жер Ортолук деңизиндеги өз кызыкчылыктары үчүн Кипрден Ливияга чейин жигердүү саясатын күчөтүп келет. Грекия менен Кипр Республикасын Европа Биримдиги колдойт. (ErN)

XS
SM
MD
LG