Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

Казак алфавитинин латын арибиндеги жаңы долбоору сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын маданият министри Актоты Раимкулова Ак ордодо өткөн кеңешмеде казак алфавитин латын арибине өткөрүүнүн жаңы долбоорун сунуш кылды. Бирок жаңы алфавитте канча тамга бар экени айтылбай, долбоор ачык жарыяланган жок. Буга чейин да бир нече долбоор сунушталып, коомдо кызуу талкууларды жараткан болчу.

Казак президентинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, жаңы алфавиттин долбоору «бир тыбыш - бир тамга» принцибине шайкеш келет. Башкача айтканда, бир тыбышты белгилеш үчүн эки же андан көп тамга колдонулбайт.

Жыйындын жүрүшүндө казак президенти Касым-Жомарт Токаев министрлерге жаңы алфавит боюнча калкка жакшылап түшүндүрүү боюнча тапшырма берген.

Казакстанда 2017-жылдын башында мурдагы президент Нурсултан Назарбаев казак алфавитин латын арибине өткөрүү боюнча демилге көтөргөн. Бул жараян өлкөдө 2025-жылы толугу менен ишке ашууга тийиш.

XS
SM
MD
LG