Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Ооганстан: Университеттеги теракт үчүн «Ислам мамлекети» тобу жоопкерчилик алды


Кабул университетиндеги чабуулдан кийинки абал.
Кабул университетиндеги чабуулдан кийинки абал.

Кабулдагы университетте болгон кол салуу үчүн «Ислам мамлекети» жоопкерчилик террорчул тобу алды. 2-ноябрдагы кол салуудан кеминде 22 адам адам каза болуп, бир нече адам жаракат алган. Ооганстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү Тарик Ариандин айтымында, куралчан үч согушкер университеттин кампусуна кирип, ок аткан.

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери имаратты бошотуш үчүн согушкерлер менен беш саатка жакын атышты. Анын жыйынтыгында үч согушкер жок кылынды. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги теракттан 20дан ашык адам жарадар болгонун жана алардын көпчүлүгү студенттер экенин билдирди.

2-ноябрда Кабул университетинде ооган-иран китеп көрсөтмөсү өтмөк жана ага бир нече жогорку жетекчи катышары айтылган.

Ооганстандагы адам укуктары боюнча көз каранды эмес комиссиянын башчысы Шазрзад Акбар акыркы абалды «абдан кооптуу» деп баалады.

XS
SM
MD
LG