Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:02

Жапаров: Реформалар боюнча комиссия түзөбүз (видео)


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Кыргызстандын президентинин милдетин аткарууга киришкен премьер-министр Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боюнча комиссия түзөрүн билдирди. Бул туурасында анын кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда айтылат. Анда аталган комиссия Кыргызстандын экономикасын башкаруудагы мамилелерди өзгөртөрү жөнүндө сөз болгон.

“Жаңы доор мамлекеттик башкаруу системасында жаңы мамилелерди талап кылууда. Заманбап технологиялар чиновниктердин жана бюрократтардын салмактуу бөлүгүн кыскартууга жол ачууда. Ошондуктан кереги жок мамлекеттик структуралар жакынкы аралыкта жоюлат. Айрыкча Президенттик Аппаратта, Өкмөттүн Аппаратында катуу өзгөрүүлөр, оптималдаштыруу болот. Кыскартууларды биз өзүбүздөн баштайбыз.”-деп айтылган кайрылууда.

Ошондой эле Жапаров коронавирус пандемиясына өлкөдөгү саламаттык сактоо тармагы даяр эместиги ачыкка чыкканын жана ал учурда алынган насыялардын текшерилерин билдирген.

Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:56 0:00

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган. Бир жумага созулган нааразылык акцияларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңеш төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы төрага Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартартын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин аткарууга киришкен Садыр Жапаров 6-октябрдагы окуялардан соң тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

XS
SM
MD
LG