Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

Кытайдын Шинжаң менен Гонконгдогу саясатын 39 өлкө сынга алды


Кытайдагы «кайра тарбиялоочу» лагерлердин бири. 2018-жыл.
Кытайдагы «кайра тарбиялоочу» лагерлердин бири. 2018-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) мүчө болгон 39 өлкө Кытайды Шинжаңдагы жана Гонконгдогу саясаты үчүн кескин сынга алды.

Германиянын уюмдагы элчиси Кристоф Хёйсгендин билдирүүсүн европалык өлкөлөрдүн көбү, алар менен катар АКШ, Австралия, Жапония, Канада, Жаңы Зеландия жана башкалар колдоду.

Документте Шинжаңдагы саясий кайра тарбиялоо лагерлери жана адам укуктарынын одоно бузулушу өтө тынчсыздандырып жатканы белгиленген.

“Дин жана ишеним эркиндигине, көчүп-конууга, уюмдарга биригүүгө, пикир билдирүү эркиндигине жана уйгур маданиятына катуу чектөө колган. Уйгурларды жана башка улуттук азчылыктарды аңдуу уланууда, мажбурлап иштетүү, мажбурлап төрөттү чектөө, анын ичинде стерилизация тууралуу маалыматтар көбөйүүдө”, деп жазылган билдирүүдө.

Аны кубаттаган өлкөлөр Кытайды көз каранды эмес байкоочуларды, анын ичинде БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарын жана анын башкармалыгын Шинжаңга токтоосуз түрдө тоскоолдуксуз өткөрүүгө чакырышты.

Алар мындан тышкары расмий Бээжинди Гонконгдун автономиясын, андагы кытай жарандарынын укуктарын жана эркиндигин колдоого, анын сот системасынын өз алдынчалыгын сыйлоого үндөштү.

Бир катар Батыш мамлекеттери, эл аралык укук коргоо уюмдары Кытай бийлигин Шинжаңдагы мусулман азчылыктарын «саясий тарбия лагерлеринде» негизсиз камап турганы үчүн айыпташат. Буга чейин Кытайдан келген жүздөгөн казактар жана кыргыздар Шинжаңдагы туугандары лагерде эркинен тыш, катаал шартта кармалып турганын айтып, жардам сурашкан. Бээжин бул дооматтардын баарын четке кагып, сөз болгон жайларды «агартуучу борбор» деп атап келет.

Өткөн аптада австралиялык талдоо борбору өз иликтөөсүнүн жыйынтыгына таянып, Кытайдын Шинжаң аймагында мусулмандарды кармоочу жайлар мурда болжолдогондон кеңейип, кийинки жылдары да көбөйгөнүн маалымдаган. Ага чейин Бээжин ал жайларда кармалгандардын көбү бошотулганын билдирген. Сентябрда АКШ Шиңжаңда өндүрүлгөн кытайлык товарларды алып кирүүгө тыюу салган.

XS
SM
MD
LG