Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:26

Жалал-Абадга убактылуу мэр дайындалды


Жалал-Абад жаңы мэр дайындалды
Жалал-Абад жаңы мэр дайындалды

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев өз арызы менен шаар башчылык кызматын тапшырды. Бул маселени карап чыгуу үчүн атайын отурумга Шаардык кеңештин 31 депутатынын 17си катышты.

Алардын чечими менен убактылуу мэр болуп Нуртилек Орозбаев дайындалды. Орозбаев бир ай мурун эле калаанын вице-мэри болуп дайындалган эле. Бул орунга ал "Ата Журт" фракциясынан барган.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары ошондой эле "Тынчтык" коалициясын түзүштү. Чогулган эл убактылуу мэр дайындалгандан кийин таркап кетти. (TB)

XS
SM
MD
LG