Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:33

Садыр Жапаров элди аянттан тарап кетүүгө чакырды


Садыр Жапаров аянтта. Бишкек. 6-октябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаров аянтта. Бишкек. 6-октябрь, 2020-жыл.

№27 колонияда отурган саясатчы Садыр Жапаров бошотулуп, аянтка алынып келгенден кийин митингчилердин алдында сөз сүйлөдү.

Ал элди аянттан тарап кетүүгө, бардык маселелерди мыйзамдуу, легитимдүү жол менен чечүүгө, мыйзамсыздыктан алыс болууга чакырды.

«Каракчылык, басып алуу жолу менен эч нерсе чечилбейт. Сабырдуу болуңуздар», - деди Жапаров.

Митингдин катышуучулары «Тарабайбыз!» деп кыйкырып жатышат.

Буга чейин митингчилер УКМКга кирип барып, атайын кызматтын тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди бошотушкан. Анын көчөдө эл менен жүргөнү тартылган видео да социалдык желеге тараган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган.

2019-жылы Жогорку сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан.

XS
SM
MD
LG