Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:32

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан «Баха» аттуу каймана аты бар, Базар-Коргон районунун тургуну, мурда Орусияда жана Кыргызстанда киши тоноп соттолгон, 39 жаштагы А.Б. аттуу жаранды кармады.

Ал Ички иштер министрлигинин тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары (кримтөбөл К.Көлбаевдин уюшулган кылмыштуу тобуна кирет - ИИМ) каттоодо турган.

Анын үстүнөн 22-сентябрь күнү Базар-Коргон районунун 60 жаштагы тургуну А.Ш. милицияга «Баха аттуу жаран бирөөдөгү карызын өндүрүп бере турган жана тендерлик иштерде пайдасына чечип берерин» айтып, 110 миң сом акчасын алып коюп, бербей жүргөнүн айтып кайрылган.

Аталган факты Жалал-Абад облустук милициясынын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 204-беренесинин («Алдамчылык») негизинде сотко чейинки териштирүү иши ачылган. Иштин алкагында 1-октябрь күнү шектүү кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилген.

Жалал-Абад шаардык сотунун тинтүү жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндөгү токтомунун негизинде, анын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Сентябрь айынын ортосунда Жалал-Абад милициясы курал колдонуу менен оор кылмыш кылган деп шек саналган уюшкан топтун үч мүчөсүн кармаган. Кара-Суу районунун 22 жаштагы тургуну жана Базар-Коргон районунун милицияда кылмыштуу топтун мүчөсү болуп каттоодо турган 44 жаштагы тургуну эки айга камалган.

Уюшкан кылмыштуулук маселеси 2018-жылы Коопсуздук кеңешинин жыйынында талкууланып, президент Сооронбай Жээнбеков бул мүшкүлгө каршы күрөш ийгиликтүү болбой жатканынын негизги себеби коррупция экенин айткан. Ал «күч түзүмдөрүндө коррупция болбосо криминалдык топтор бул иштерди жасай албайт» деген.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 2019-жылы «Уюшкан кылмышкерлерди ким ооздуктайт?» деген суроого парламентте жооп берип жатып мындай топтордун мыйзамга каршы иш жасап, бирок эркиндикте жүргөн бир да мүчөсү жок экенин, андайлар ар дайым болуп келгенин жана боло берерин айткан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG