Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Навальный Германияда калып, дарылануусун улантат


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный реабилитациялык курс алып бүткөнгө чейин Германияда калат. Саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш Навальныйдын саламаттыгын калыбына келтирүү бир нече жумага созуларын билдирди.

Навальный Берлиндеги «Шарите» клиникасынан шаршемби күнү чыккан. Саясатчы ооруканадан кийин физиотерапия курсун аларын билдирген.

Кремлдин башкы каршылашы Навальный 20-августта Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Кийин жакындарынын талабы менен Германиядагы «Шарите» клиникасына которулган.

Немис өкмөтү жана Европадагы бир катар көз каранды эмес лабораториялар Навальный нервди шал кылган «Новичок» заты менен ууландырылганын билдирген. Кремль буга эч кандай тиешеси жок экенин билдирип келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG