Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:56

АКШнын Жогорку сотунун судьялыгына талапкер 25-26-сентябрда тандалат


АКШнын президенти Дональд Трамп.
АКШнын президенти Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Жогорку соттун өткөн аптада көз жумган судьясы Рут Бейдер Гинзбургдун ордуна жаңы талапкерди 25-26-сентябрда көрсөтөрүн билдирди. Ал «Fox News» телеканалындагы маегинде Гинзбург менен коштошуу зыйнатынын бүтүшүн күтүп жатканын айтты. Ошондой эле судьялык кызмат үчүн төрт-беш адамдын талапкерлигине токтолгонун кошумчалады.

Жогорку соттун судьясы, 87 жаштагы Рут Бейдер Гинзбург узакка созулган оорудан улам 18-сентябрда каза болгон. Анын орду шайлоого саналуу гана жума калганда бошогондуктан, жаңы судьяны дайындоо маселеси республикачылар менен демократтардын ортосунда кайчы пикирлерди жаратты.

Трамп Жогорку соттун судьялыгына аял талапкер көрсөтөрүн, ал 3-ноябрдагы президенттик шайлоого чейин дайындалышы керек экенин айткан. Демократтардын атынан президенттикке талапкер болгон Жо Байден Трамптын судьяны чукул арада тандоо планын «кызмат абалынан аша чабуу» катары баалаган жана бул чечимди шайлоодон кийинкиге калтырууга чакырган.

АКШнын мыйзамдарына ылайык, Трамп көрсөткөн талапкерди бул орунга бекитиш үчүн Сенаттагы көпчүлүк колдошу керек. Ушул тушта Сенатта 53 республикачы жана 47 демократ отурат.

Кошмо Штаттарда Жогорку соттун судьясы бул кызматка көзү өткөнчө шайланат жана адатта бойдон алдыруу, миграция, курал алып жүрүү укугу өңдүү бир катар орчундуу маселелер боюнча чечим чыгарат.

XS
SM
MD
LG