Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Химик Мирзаянов: Навальныйга калыбына келүү үчүн бир жыл керек


Советтик химик Вил Мирзаянов.
Советтик химик Вил Мирзаянов.

АКШда жашаган советтик химик Вил Мирзаянов Орусияда ууландырылган оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын ден соолугу бир жылдын ичинде калыбына келиши мүмкүн экенин айтты.

Уулуу «Новичок» затын иштеп чыккандардын бири Мирзаяно «Дождь» телеканалынын эфиринде Алексей Навальныйдан кечирим сурады. «Навальный ууландырылган затты иштеп чыгуу боюнча кылмыштуу бизнеске аралашканым үчүн кечирим сурайм», - деди ал.

Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва багытындагы учакта эсин жоготкон. Учак Омскиге чукул конуп, оппозиционер «Тез жардам» ооруканасына жаткырылган. Эки күндөн кийин Берлиндеги «Шарите» клиникасына которулган. Көп өтпөй дарыгерлер анын ууланганы ырасталганын билдиришкен.

Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөш фондундагы кесиптештери саясатчы Томскиде аэропортто же учакта эмес, мейманканада ууландырылганын маалымдап жатышат. 20-августта оппозициячы учакта эстен танып жыгылгандан кийин анын тарапташтары Томскиде түнөгөн мейманканадагы бөлмөсүнөн буюм-тайымдарды чыгарып кетишкен. Кийин Берлинге жөнөтүлгөн буюмдардын ичинен уулуу «Новичок» затынын издери суунун бөтөлкөсүнөн аныкталган.

Расмий Москва Навальныйдын уулуу «Новичок» заты менен ууландырылганын тастыктаган Европадагы лабораториялардын далилдерин көрбөгөнүн билдирип, Кремлге айтылган бардык дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG