Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Жээнбеков партиялар популисттик убадаларды берип жатканын айтты


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоого катышып жаткан айрым партиялар үгүт иштеринде президентти сындап упай топтоп атат деп эсептейт.

Бул тууралуу ал 19-сентябрда «Биринчи радиого» курган кезектеги маегинде билдирди.

Журналисттин суроосуна жооп берип жатып талапкерлердин берген айрым убадаларына токтолду. Анын сөзүнө караганда, партиялар депутаттарды азайтуу тууралуу айтышканы менен конституциялык реформа боюнча сөз кылышкан жок. Себеби, депутаттардын саны Баш мыйзамда каралган.

«Парламенттин чыгашасын азайтабыз деп жатышат. Мындай убаданы мурда да укканбыз. Тилекке каршы, депутат болуп келери менен, «ал үчүн мыйзамды өзгөртүшүбүз керек» деп, алакан жайгандар да болгон. Аларды да көргөнбүз», -деди Жээнбеков.

Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын айрымдары Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын эки эсеге же башкача айтканда 60ка чейин, кээ бирлери 75ке кыскартарын билдирип чыгышты. Ушундай эле убадалар буга чейинки шайлоолордо да берилген.

Сооронбай Жээнбеков ар аптанын ишемби күнү «Биринчи радиого» маек куруп жатат.

Кыргызстанда 120 орундуу парламентке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Үгүт иши 4-сентябрда башталган. (BTo)

XS
SM
MD
LG