Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

«Шарите» клиникасы орусиялык ишкер Евгений Пригожинге миллион рублин кайтарып берди


Ишкер Евгений Пригожин.
Ишкер Евгений Пригожин.

«Шарите» клиникасы орусиялык ишкер Евгений Пригожинге миллион рублин кайтарып берди. Акчаны «Путиндин ашпозчусу» деген каймана аты бар петербургдук ишкер орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын дарылануусу үчүн которгон. Маалыматтарга ылайык, акча 7-сентябрда которулган, 16-сентябрда ээсине кайтарылып берилген.

Мурда Пригожин Навальный жетектеген «Коррупцияга каршы күрөшүү» фондуна да миллион рубль которгон. Бирок оппозиционер акчаны алуудан баш тартып, «биздин эсепте арамдан табылган акча жийиркеничтүү» деп билдирген. Бул Навальный ууланганга чейин фондду жапкандан кийин болгон.

Навальный анда соттун чечимине ылайык Пригожинге төлөп бергидей 88 млн. рубли жок экенин билдирген. Ишкердин компаниясы Навальныйдын фонду өз иликтөөсүндө аны Москвадагы бала бакчалар менен мектептерге «сапатсыз, эскирген тамак жеткирет, бул түрдүү ооруларга алып келет» деп жазганы үчүн сотко берген. Ишкер оппозиционердин жеке өзүн карыз кылыш үчүн соттун чечиминдеги айыппулду өзү төлөгөн.

Навальныйдын жакындары анын ууланышынын артында турат деп шек саналгандардын ичинде Пригожин да бар экенин айтышууда.

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный 20-август күнү Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Учак Омскиге чукул конуп, алгач «Тез жардам» ооруканасына жаткырылган Навальный жакындарынын талабы менен Берлиндеги «Шарите» клиникасына которулган.

Немис өкмөтү жана Европадагы бир катар көз каранды эмес лабораториялар Навальный акыл-эсти жок кылуучу, күчтүү затка ууланганын аныктап чыгышкан. Европа өлкөлөрү расмий Москвадан оппозизиционердин ууланышы боюнча кылдат иликтөөнү талап кылышкан. Кремль Навальныйдын ууланышына эч кандай тиешеси жоктугун билдирүүдө.

Ишкер Евгений Пригожин 2011-жылдан бери Орусиядагы мектеп, бала бакча, окуу жайларын жана жалпы мамлекеттик мекемелерди тамак-аш менен камсыз кылат. Тогуз жыл ичинде анын компаниясы орус өкмөтү менен 209 миллиардлан ашуун рублдик келишим түзгөн.

Ишкерге карата «троллдордун фабрикасы» деп аталган бийликчил блогерлер тобун уюштурган жана «Вагнердин аскер компаниясын» түзгөн деп дооматтар келет. АКШда Евгений Пригожин президенттик шайлоого кийлигишкен деп айыпталып, «кара тизмеге» киргизилген. Ишкер өзү мунун баарын четке кагып жүрөт.

XS
SM
MD
LG