Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:49

ЖМК: Навальный ууландырууга чейинки окуяларды эстеди


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиялык оппозиционер, германиялык клиникада жаткан Алексей Навальный комадан чыгарылгандан кийин эсине келди. Бул тууралуу «The Insider», «Bellingcat» жана «Der Spiegel» өз булактарына таянып жазышты. Маалыматтарга караганда, Навальный ууланууга чейин болгон бардык окуяларды, Томскиден Москвага бараткан учакта өзүн жаман сезгенге чейин эмне болгонун эстеди. Булактардын айтымында, бейтапка жакындарын коё бере башташты, бирок ал эсине келгени белгилүү болгондон кийин ооруканада кайтаруу күчөтүлдү. Дарыгерлер учкучтар учакты Омскиге кондурууну тез арада чечкени үчүн Навальный тирүү калды деп эсептешет.

Оппозиционер, Кремлдин каршылашы 20-августта Томскиден Москвага баратып, эстен танган. Учак Омскиге чукул конуп, саясатчы тез жардам ооруканасына жеткирилген. Эки күндөн кийин Берлиндеги «Шарите» клиникасына которулган.

Анын жаңы, коркунучтуу затка ууланганын, ал «Новичок» деген ат менен белгилүү химиялык куралдан бир канча эсе кооптуу экенин Германиядагы «Die Zeit» басылмасы шаршембиде ишенимдүү булактарына таянуу менен жазды. Басылма уу атайын кызматтардын лабораториясында гана жасалышы мүмкүн экенин кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG