Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Беларуста оппозициянын Координациялык кеңешинин дагы бир мүчөсү кармалды


Максим Знак.
Максим Знак.

Беларус оппозициясынын Координациялык кеңешинин президиумунун дагы бир мүчөсү Максим Знакты 9-сентябрда эртең менен кармап кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү «Телеграм» каналдар кабарлашты. Анын адвокаты бул ишти Тергөө комитети карап жатканын, себеби азырынча белгисиз экенин TUT.BY сайтына айтып берди.

Ал эми Минскинин милиция башкармалыгы Знактын кармалышы тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

Ал ортодо TUT.BY сайтынын кабарчысы жеринен кабарлагандай, президенттикке талапкер, абакта отурган Виктор Бабариконун штабына кабарчыларды киргизбей , кеңселерде белгисиз адамдар тинтип, бүлдүрүп жүрүштү. Кийин ал жакка Ички иштер министрлигинин кызматкерлери барышты.

Юрист Знак кармалгандан кийин президиумдун бир эле мүчөсү, Нобел сыйлыгынын лауреаты, жазуучу Светлана Алексиевич гана эркиндикте калды. Ал саламаттыгына байланыштуу кеңештин ишине толук катышкан эмес. Калгандары же кармалган же чет өлкөдө жүрүшөт.

Бийликти өткөрүү боюнча Координациялык кеңеш президенттик шайлоодо Александр Лукашенкого негизги атаандаш болуп чыккан Светлана Тихановскаянын демилгеси менен түзүлгөн. «Бийликти басып алуу» беренесине ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында анын улам бир мүчөсүн суракка чакырып келатышат.

XS
SM
MD
LG