Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Помпео: Беларус аткаминерлерине каршы санкция даярдалууда


Майк Помпео. Архивдик сүрөт.
Майк Помпео. Архивдик сүрөт.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтон Беларустун расмий адамдарына каршы жаңы санкция даярдап жатканын билдирди.

«Кошмо Штаттар өнөктөштөр менен бирге Беларустагы адам укуктарын бузууга жана репрессияларга тиешеси бар адамдарды жоопко тартуу максатында санкцияларды караштырууда», деп айтылат 8-сентябрдагы билдирүүдө.

Мамкатчы Вашингтон беларус бийлигинин оппозиция өкүлү Мария Колесниковага каршы аракеттерге тынчсызданганын айтып, анын эрдигин белгиледи.

Тышкы саясий мекеменин жетекчиси ошондой эле беларус бийлигин өз элине каршы зомбулукту токтотууга, кармалгандардын бардыгын коё берүүгө жана беларус коомунун өкүлдөрү менен диалог баштоого чакырды. Билдирүүдө 6-сентябрда чак түштө тынч акцияга чыккандардын уруп-сабалганы, жүздөгөн кишинин кармалганы өзгөчө белгиленген.

Шейшембиде оппозиция лидерлеринин бири Колесникова Украина менен чек арада кармалганы белгилүү болгон. Маалыматтарга караганда, ал депортацияланышына жол бербөө максатында паспортун айрып салган.

Митинг, демонстрациялар Беларуста 9-августтагы шайлоодон кийин башталып, бир айдан бери тынбай жүрүп жатат.

Көчөгө чыккандар өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко жеңгени расмий жарыяланган шайлоо бурмаланган деп эсептешет. Көптөгөн катышуучулар кармалып, күч органдарынын зомбулугуна туш болууда.

Ал ортодо Лукашенко орус медиага берген интервьюсунда бийликте «балким көбүрөк отуруп койгонун» моюнга алып, ошол эле учурда кызматынан кетпей турганын айтты.

XS
SM
MD
LG