Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:27

Президент: Комуз - маданиятыбыздын туу чокусу


Комуз.
Комуз.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 9-сентябрь - Комуз күнү менен куттуктоосунда айтты.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта «Биздин элибиз үчүн комуз — жөн гана салттуу музыкалык аспап эмес, маданиятыбыздын туу чокусу «Манас» эпосу менен катар, бабалардын даңктуу жолун урпактарга күү аркылуу жеткирип турган мурас» деп айтылат.

2019-жылы президенттин жарлыгы менен Кыргызстанда 9-сентябрь Комуз күнү деп жарыяланган.

Кыргыз өкмөтү быйыл 7-13-сентябрь күндөрүн Комуз жумалыгы деп жарыялаган. Эпидемиологиялык шартка байланыштуу жумалыкка арналган иш-чаралар онлайн форматта өтүп жатат. Илимий-практикалык конференция, «Таңшы, комуз» онлайн концерти жана видео сабактар залкар жана жаш комузчулардын катышуусунда уюштурулууда. Аларды «Маданият. Тарых. Тил» телеканалынан жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин «Фейсбуктагы» баракчасынан түз эфирде көрсө болот.

Комуз - кыргыз элинин чертме музыкалык аспабы. Ал өрүк, жаңгак, арча жана башка бир катар жыгачтардан чабылат. Жалбырактары күбүлгөн жана мөмөсү бышкан кезде кыйылган өрүктүн жыгачы сомдолуп, сууга кайнатылып, ышталып чабылган комуз бек жана добуштуу болот. Комуз турпаты баш, моюн, тулку, чара, капкак, куткун, тепкек, үч кулак, үч кылдан турат.

Кыргыз салттуу музыкасынын басымдуу бөлүгү комуз менен байланыштуу. (BTo)

XS
SM
MD
LG