Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

700дөй мектеп жогорку ылдамдыктагы Интернетке кошулууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү 693 мектепти
кайрадан жогорку ылдамдыктагы сапаттуу Интернетке туташтырып
жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Акылбек Орозматов 8-сентябрда кабарлады:

"Бул мектептер буга чейин демөөрчүлөрдүн, жергиликтүү бийликтин жардамы менен ар башка провайдерлер жана түрдүү жолдор менен Интернетке туташтырылгандыктан, айрымдарында ылдамдык начар болуп, кээ бирлеринде абоненттик төлөм маселеси пайда болгон".

Министрлик тендер өткөрүп, учурда бул мектептердин 509у кайрадан жогорку ылдамдыктагы сапаттуу Интернетке кошулду. Калгандары боюнча иштер уланууда.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу буга чейинки окуу жылы аралыктан окутуу менен жыйынтыкталган болчу. Жаңы окуу жылында биринчи класстар гана мектепке барып окуп жатышат, калгандары баары аралыктан билим алууда.

Кыргызстанда эки миңден ашуун мектеп бар. (RK)

XS
SM
MD
LG