Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Шайлоо өнөктүгүнө байкоо жүргүзүү башталды


Кыргызстандагы шайлоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы шайлоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

«Жалпы иш» деп аталган коомдук фонддун 116 байкоочусу өлкө аймактарында парламенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө жана добуш берүүнүн уюштурулушуна байкоо жүргүзөт.

Фонд маалымдагандай, алар добуш берүүнүн жүрүшүнө да, соңунда шайлоодон кийинки кырдаалга да көз салышат жана анда шайлоо комиссияларынын түзүлүшүнөн тартып, ишмердүүлүгүнө чейин эсепке алышат.

Мындан тышкары алар шайлоочулардын тизмесине, өнөктүктүн чагылдырылышына да байкоо жүргүзүшөт. Саясий партиялардын өкүлдөрүнүн иши, үгүттүн жүрүшү, мыйзамдуулуктун сакталышы да байкоочулардын көзөмөлүндө болот. Алар көргөн-билгендерин жазып, жума сайын фонддун эксперттик бөлүмүнө жиберип турушат. Бөлүм маалыматтарды иликтейт.

«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоо комиссияларын, саясий партияларды жана жарандарды байкоочулардын ишине жолтоо болбоого, зарыл болгон учурда көмөктөшүүгө чакырып, алардын максаты жалпы өлкөдө ачык, таза шайлоону камсыз кылуу экенин эскертти.

Шайлоо өнөктүгүнө ЮСАИДдин колдоосу менен «Кыргызстандагы парламенттик шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү» долбоорунун алкагында байкоо жүргүзүлүүдө.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага катышуу укугун 15 саясий партия алды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG